Дүйнө
Трамп АКШ президенттигине талапкер болушу мүмкүн болгон эки саясатчыны атады

АКШнын президенти Дональд Трамп 2028-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Республикалык партиянын атынан талапкер болушу мүмкүн болгон эки саясатчыны атады.
Ал Fox News телеканалына берген маегинде вице-президент Жей Ди Вэнс менен мамлекеттик катчы Марко Рубионун талапкерлигин белгиледи.
Трамптын айтымында, партияда президенттик кызматка ат салышууга жөндөмдүү бир нече күчтүү талапкер бар. Бирок азырынча ким талапкер болору тууралуу жыйынтык чыгарууга эрте.
АКШда кийинки президенттик шайлоо 2028-жылы өтөт. Трамп буга чейин үчүнчү мөөнөткө шайлануу мүмкүнчүлүгүн да жокко чыгарган эмес. Бирок АКШнын Конституциясы бир адамдын президент болуп эки мөөнөттөн ашык шайланышына чектөө коёт.



