Маданият

Венгриядагы Лаки-Телек улуттук академиясына кыргыз боз үйү белекке берилди

Венгриядагы Лаки-Телек улуттук академиясына Кыргыз улуттук ”Манас” театры тарабынан кыргыз боз үйү белекке берилди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле залкар акын Алыкул Осмоновдун ”Көл толкуну“ китебинин венгр тилиндеги басылышынын бет ачары өттү.

Салтанатка ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Элдар Абдылдаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана маданият ишмерлери катышты.

Иш-чара манасчылар менен төкмө акындардын концерттик программасы менен коштолуп, кыргыз элинин улуттук маданиятын жана руханий мурасын таанытууга багытталды.

Тектеш кабарлар

Back to top button