Коом
Өлкөдө интернетти жакшыртуу үчүн Кыргызстан Кытайдын China Telecom Global Limited компаниясы менен кызматташат

Меморандумга Кыргызстандын санарип өнүктүрүү министринин орун басары Сергей Слесарев жана «Кыргызтелеком» ААКтын башкы директору Нурлан Мадаминов башында турган расмий делегация Кытайга иш сапары менен барганда кол коюлган.
Долбоордун негизинде өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулата турган жаңы жабдуу орнотуу каралууда. Муну менен Кыргызстандын байланыш тармагы үчүн резервдеги канал пайда болмокчу.
Санарип министрлиги Россия жана Казакстан менен негизги интернет канал ошол бойдон каларын айтып, жаңы канал байланышты, интернетти андан да жакшыртарын белгилеген.



