Коом
Батирге кирип, 13 жаштагы кыздын уюлдук телефонун тартып алган шектүү кармалды

Токмок шаарында уюлдук телефон уурдоого шектелген адам кармалды, деп билдирди бүгүн, 9-декабрда Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы.
Маалыматка карганда, 2-декабрь күнү болжол менен 19:00 чамасында белгисиз жаран батирге кирип, 13 жаштагы кыздын уюлдук телефонун тартып алып, качып кеткен.
Жабырлануучунун апасы милиция кызматкерлерине кайрылган.
Бул факт боюнча Жазык кодексинин 201-беренесине ылайык (тоноо) кылмыш иши козголду.
Чүй ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, 39 жаштагы И.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланып жатат



