Саясат

Депутаттар 10-январда референдум өткөрүүгө макул болушту

10-декабрда Жогорку Кеңеш экинчи жана үчүнчү окууда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу» мыйзам долбоорун жактырды.

Аталган мыйзам долбоорун депутат Акылбек Жапаров сунуштаган.
Мыйзам долбооруна 60 депутат макул болсо, 4 депутат каршы болду.

Каршы добуш берген депутаттар: Айсулуу Мамашова («Ата Мекен»), Наталья Никитенко («Ата Мекен»), Каныбек Иманалиев («Ата Мекен»), Дастан Бекешев (СДПК).

Аталган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдумду президенттик шайлоо менен бирге 2021-жылы 10-январда өткөрүү сунушталууда. Кыргызстандыктар референдумда президенттик же парламенттик башкаруу формасын тандашы керек. Ошондой эле баарына каршы добуш бере алышат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button