Жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылбоо үчүн эмне кылуу керек?

Ден соолукту чыңдоо республикалык борбору жүрөк-кан тамыр ооруларынын жаралуу коркунучунан качуу үчүн эмне кылуу керектигин түшүндүрдү.
Жүрөк — адамдын башкы органдарынын бири, ал күнү-түнү токтобой иштейт.
Жүрөктүн жана жүрөк-кан тамыр системасынын туура иштешинен органдардын жана организм системасынын абалы көз каранды, анткени кан аларды кислород, азык заттары жана витаминдер менен камсыздап турат.
Адам стресске кабылып, физикалык жана психоэмоциялык түйшүккө алдырганда, экологиянын начардыгы жана туура эмес тамактануу жүрөккө жүк үйөт.
Ошондуктан, бул органды кантип таза сактап калуу керектигин эске тутуңуз:
-Кан басымды жана кандагы кант жана холестериндин деңгээлин маал-маалы менен өлчөтүп туруу.
-Тузду аз колдонуу.
-Жашылча-жемиштерди көп пайдалануу.
-Тууру жана толук кандуу тамактануу.
-Дайыма физикалык жактан активдүү болуу.
-Үйдө жана жумушта стрессти азайтуу.
-Позитивдүү ой жүгүртүү.
-Ашыкча салмактан арылуу.
-Тамеки тартпоо.
-Алкоголь ичпөө.


