Коом

Кыргызстан өткөн жылы электр кубатын 4 өлкөдөн сатып алган. Тизме

Кыргызстан өткөн жылы электр энергиясын төрт мамлекеттен импорттогон. Бул маалымат Улуттук статистика комитетинин сайтына жайгаштырылды.

Январдан ноябрга чейинки мезгил ичинде наркы 80,8 миллион доллар турган 2 миллиард 907,4 миллион киловатт-саат электр кубатын сатып алган.

Импорттогон өлкөлөр:

Түркмөнстан — 1 миллиард 602,3 миллион киловатт-саат;

Казакстан — 832,9 миллион киловатт-саат;

Россия — 326,5 миллион киловатт-саат;

Өзбекстан — 145,6 миллион киловатт-саат.

Эске салсак, Кыргызстан Россиядан биринчи ирет былтыртан тарта импорттой баштады.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button