Коом
Бишкектеги Сухэ-Батор көчөсүндөгү ресторанда коноктор тамакка ууланды

Ал жакта 15 жана 18-апрель күндөрү кыз узатуу өткөн. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору 22-апрелге карата 39 адам дарыгерлерге кайрылганын билдирди.
Алардын 27си 15-апрелде өткөн иш-чарада ууланса, 12 адам 18-апрелдеги кыз узатуудагы тамак-аштан жабыркаган.
Аталган ресторандан тамак-аштын үлгүлөрү лабораториялык изилдөөгө алынып, 31 кызматкери текшерүүдөн өтүүдө. Ал эми администрациясына 13 миң сом айып салынып, ресторан жабылды.



