Коом

Өлкөдө дарыгерлерге кезексиз 5 миң ипотекалык батир берилет

Кыргызстанда саламаттыкты сактоо кызматкерлерине кезексиз 5 миң батир берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов өлкөдөгү балдар медициналык мекемелерине барган учурда билдирди.

«Саламаттык сактоо тармагынын кызматкерлерине кезексиз 5 миң ипотекалык батир берүү чечими кабыл алынды. Аталган чаралар медицина кызматкерлерин социалдык жактан коргоого, системада кадрларды кармап калууга жана медициналык кесиптин кадыр — баркын көтөрүүгө багытталган», — деп белгиледи ал.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо министри президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен 2026-жылдын апрелинен тарта дарыгерлердин айлыгы 100 пайызга жогорулай турганын эскертти.

Тектеш кабарлар

Back to top button