Коом

Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы 2021- жылга карата акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, КР министрлер кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы №192, №193 «Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө”, «Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө” токтомдоруна, Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун -энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйруктарына ылайык (15.10.2021-ж., №146, №147), 2021 -жылдын 15 -октябрынан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн төмөндөгүдөй тарифтер Кыргыз Республикасынын акыркы керектөөчүлөрү үчүн белгиленген.

2021 — жылга карата акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер:

Калк:
1) Тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн тарифтер учурдагы колдонуудагы 0,77 сом/кВтстын деңгээлинде сакталат. Айына 700 кВтстан жогору керектелген учурда тариф 2,16 сом/кВтсты түзөт.
2) Бийик тоолуу шарттарда жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда жашашкан жашоочулар үчүн электр энергиясын керектөө нормасы белгиленбейт. Бул категориядагы тиричиликтик керектөөчүлөр үчүн тариф жылына 0,77 сом/кВтсты түзөт.

Насостук станциялар:
Калкты таза суу менен жана айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу менен камсыздоочу насостук станциялар жана скважиналар, ошондой эле канализациялык чарбалардын керектөөлөрү үчүн электр энергиясына тариф 1,09 сом/кВтсты түзөт (салыктарды эске албаганда).

Электрдик транспорт, интернат тибиндеги балдар мекемелери, майыптар жана/же улгайган жарандар үчүн социалдык стационардык жана жарым стационардык мекемелер, ошондой эле диний уюмдар:
Бул категориядагы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын тарифи 1,68 сом/кВтсты түзөт (салыктарды эске албаганда).
Калган бардык тиричиликтик эмес керектөөчүлөр (өнөр жай, айыл чарба, бюджеттик жана башка керектөөчүлөр):
Тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына тариф — 2,52 сом/кВтсты түзөт (салыктарды эске албаганда).

Майнинг (криптовалюта) субъекттери, алтын кен өнөр жай ишканалары (алтын өндүрүүчү фабрикалар), алкоголдук продукцияларды өндүрүү боюнча ишканалар:
Бул категориядагы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясынын тарифи — 5,04 сом/кВтсты түзөт (салыктарды эске албаганда).

Куючу, эритүүчү цехтер:
Куючү, эритүүчү цехтер үчүн электр энергиясынын тарифи — 3,78 сом/кВтсты түзөт (салыктарды эске албаганда).

Цемент заводдору:
Цемент заводдору үчүн электр энергиясынын тарифи — 3,28 сом/кВтсты түзөт (салыктарды эске албаганда).
2021 — жылга карата акыркы колдонуучулар үчүн жылуулук энергиясына тарифтер:

Калк:
— жылуулук энергиясына болгон тарифтер азыркы деңгээлде 1,134,76 сом / Гкал өлчөмүндө сакталат;
— ысык суу менен камсыздоонун тарифтери 981,76 сом/Гкал өлчөмүндө азыркы деңгээлде сакталат.

Башка керектөөчүлөр тобу үчүн:
— жылуулук энергиясына болгон тариф — 1 802 сом/Гкалды түзөт (салыктарды эске албаганда);
— ысык суу менен камсыздоонун тарифи — 1 802 сом/Гкалды түзөт (салыктарды эске албаганда).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button