Коом

Мамкурулуш Бишкекте мыйзамсыз курулган объектилерге 1,8 млн. сом айып салды

Бишкекте 10 күндүн аралыгында мыйзамсыз курулган объектилерге 1,8 миллион сом айып салынды. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мекеме Укук бузуулар кодексинин 144-беренесине ылайык, долбоорлоо жана курулуш эрежелерин бузгандарга 200 миң сом айып салынарын эскертти. Текшерүү учурунда мыйзам талаптарына каршы келген объектилер аныкталган.

Бишкек шаардык архитектура-курулушту көзөмөлдөө башкармалыгы куруучулардан архитектуралык жана шаар куруу жаатындагы мыйзамдарды так сактоону өтүнөт. Текшерүү иштери дагы да улантылары белгиленди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button