Окуялар

Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ошто күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Сейсмология институту маалымдагандай, жер титирөө күн мурун, 12-февралда түнкү саат 23:00дөр чамасында Тажикстан Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү болжол менен 6,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун аймагында 4,5 баллга чейин, Баткен облусунда 4 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button