Дүйнө

Нидерландда 29-октябрда парламенттик шайлоо болот

Нидерландда миграциялык саясат боюнча пикир келишпестиктерден улам өкмөт июнь айында тарагандан кийин, өлкөдө мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо дайындалган.

Эртең, 29-октябрда, өлкө жарандары жаңы парламентти шайлоо үчүн добуш беришет. Бул тууралуу чет элдик маалымат агенттигинде билдирди.

Маалымат боюнча, Нидерландда акыркы төрт өкмөт тең мөөнөтүн толук иштей албай, мөөнөтүнөн мурда шайлоого барган. Сурамжылоолордун жыйынтыгына ылайык, улутчул жана исламга каршы көз карашы менен белгилүү Герт Вилдерстин “Эркиндик партиясы” (PVV) шайлоо жарышында алдыда келе жатат. Бирок бир дагы партия өз алдынча 75 орундук көпчүлүккө жетпей турганы болжолдонууда.

Шайлоо алдындагы кампанияда турак-жай көйгөйү, миграция саясаты жана саламаттыкты сактоодогу чыгымдар негизги талкуу темалары болду.

Ipsos I&O изилдөө борборунун адиси Ашер ван дер Шелде белгилегендей, акыркы сурамжылоолор өтө таймаштуу саясий жарышты көрсөтүүдө. PVV алдыда болгону менен, Жашыл Сол жана Эмгек партияларынын биримдиги (GL–PvdA) жана Демократтар 66 (D66) партиясы да ага жакын рейтингге ээ.

Ошол эле учурда, башка партиялардын көбү Герт Вилдерстин партиясы менен коалиция түзүүгө каршы экенин билдиришкендиктен, анын өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгү абдан аз деп бааланууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button