Чүй облусундагы 2,8 гектар өндүрүштүк жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Токмок шаарынын Чыгыш өнөр жай зонасында жайгашкан 2,8 га жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.

Тактап айтканда, 1989-жылы эл депутаттарынын Токмок шаардык Советинин аткаруу комитетинин №100 чечими менен кара металл сыныктарын кабыл алуу боюнча «Вторчермет» ишканасына өндүрүштүк базаны курууга жер бөлүнүп берилгендиги такталган. 2000-жылдардын башында ишкананын укук мураскери тарабынан «Чуйоблснабторг» ААК банкрот болгондон кийин, мүлк, анын ичинде жогоруда аталган аймак жеке менчикке мыйзамсыз өткөн.

«Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, мамлекеттик же муниципалдык ишканаларга мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга берилген жер участоктору, алар жоюлгандан кийин мамлекеттин менчигине өтүүгө тийиш. Бирок мыйзам бузуу менен жер тилкеси жеке адамдын пайдасына ажыратылган.
Учурдагы менчик ээси, жаран Ж.Т.Д. 2,8 га жер тилкесине мыйзамсыз ээлик кылуу фактысын мойнуна алып, өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине өткөрүп берди.



