Кара-Сууда эки адам тамакка ууланып каза болду

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылында эки киши тамак-аштан уууланып каза болду.
Бул тууралуу Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мамирасул Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, уулануудан кийин 50 жаштагы аял Нариман ооруканасында 10-мартта кайтыш болду. Ош шаарындагы ооруканада жаткан дагы бир бейтап 11-мартта оорусу өтүшүп кетип каза тапты.
«6-мартта Нариман айылынын тургуну 60 жылдык маарекесине арнап той өткөргөн. 7-8-9-март күндөрү тойго келген кишилерде уулануунун белгилери болгонуна карабай үйлөрүндө өз алдынча дарыланып жүрө беришкен. 9-март күнү той ээси Нариман аймактык ооруканасына жаткырылган», — деди Мамирасул Өмүрзаков.
Азыр уулануунун себеби текшерилүүдө. Ош облусу жана Ош шаарында тойго баргандардын 17си ууланганы белгилүү болду.
2-мартта Аксы районунда алты киши спирттен ууланып каза тапкан.



