Окуялар

4,5 млн сом зыян келтирилген. Ысык-Көлдө алдамчылыка шектелип сот аткаруучу кармалды

Ысык-Көлдө алдамчылыка шектелип сот аткаруучу кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 31-октябрында прокуратура органдарына 35 жаштагы У.У. арыз менен кайрылып, Ысык-Көл райондук сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу жана банк кызматкерлери тарабынан жасалган алдамчылык иш-аракеттеринин натыйжасында, аукциондо кыймылсыз мүлктү сатууда өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин билдирген.

Жарандын арызы Ысык-Көл райондук прокуратурасынын Кылмыш жана жоруктарынын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунун («Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө алдамчылык жосуну») белгилери менен катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин өткөрүү үчүн материалдар Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Толук жана ар тараптуу тергөө иштерин жүргүзүү жана кылмыш бетин ачуу максатында, аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнө тергөө тапшырмасы берилген.

16-март күнү аталган бөлүмдүн ыкчам кызматкерлери тарабынан райондук прокуратуранын кызматкерлери жана Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүлөрү менен бирдикте жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү адамдын өздүгү аныкталып, колго түшүрүлдү.

Шектүү Ысык-Көл районунун сот аткаруучулар кызматынын сот аткаруучусу, Бостери айылынын А.Э. аттуу тургуну болуп чыгып, ага Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинде көрсөтүлгөн («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») кылмышка шектелип жаткандыгы жөнүндө билдирүү берилди.

Кылмышка шектелип кармалган А.Э. соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Алдын ала тергөө маалыматтары боюнча, анын кылмыштуу аракеттеринен мамлекетке төрт жарым миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button