Окуялар
Эсептөө палатасы: Ош шаарында 3,6 млрд сомдук объектилер документсиз курула баштаган

Ош шаарында 3,6 млрд сомдук объектилердин курулушу зарыл документтерсиз, мурдагы мэрдин протоколдук тапшырмаларынын негизинде гана башталган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын кеңешинин жыйынында каралган шаардын 2025-жылдагы бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча аудиттин жыйынтыгында айтылат.
Мекеменин маалыматы боюнча, подрядчылардын алдында 2,5 млрд сомдон ашык кредитордук карыз пайда болгон. Мындан тышкары, каржылоо булактары аныкталбаган бүтө элек объектилердин наркы 3 млрд сомдон ашты.
Материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлөт. Ошондой эле материалдар укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага дагы өткөрүлүп берилет.



