Окуялар

Пакистандын жаранын карактап кеткен жарандар кармалды (ФОТО)

2021-жылдын 25-мартында болжол менен саат 02:45 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Ала-Тоо аянтынан каракчылык кылып кетишти деген маалымат келип түшкөн.


Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 2002-жылы туулган Т.М. аттуу пакистан улутундагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен арыз ээсин белгисиз жарандар бычак кайчыга окшош буймдар менен коркутуп, жана күч колдонуп, эки “Айфон” телефонун жана 2000 сомун алып, белгисиз тарапка качып кетишкен.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1994-жылы туулган А.Т., 1996-жылы туулган Р.у Т. жана 1995-жылы туулган Р.у Б. аттуу 3 жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 202-берененин (Каракчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button