Окуялар

Жылаңач сүрөтүңдү чыгарам деп аялды коркутуп, 3000 доллар талап кылган жаран кармалды (ФОТО)

2021-жылдын 31-мартында  Ош ОИИБдин Тергөө кызматына арыз менен Кара-Суу ройонунун Шарк айыл аймагынын 1969 жылы туулган К. К. (аял киши) кайрылып,  анда  2021-жылдын 26-март күнү ага чала тааныш болгон «М» аттуу жаран  «арыз ээсин кийимсиз сөлөкөтүн видеотасмага тартып алдым,  эгерде  3000 АКШ доллар акча бербесең интернет тармактарына чыгарам», -деп коркутуп жатканын билдирген.

Бул окуя Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренеси  менен ОИИБдин КЖБРне катталып, Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери   тарабынан ыкчам иш- чаралар жүргүзүлүлө баштаган. 

2021-жылдын 31-март күнү жабырлануучу К.К. менен байланышып Ош шаарынын «Каныкей» ресторандын алдында жолугабыз ошол жерден акчаны бересин деп талап койгон.   2020-жылдын 31-март күнү Ош ОИИБдин КМК, тергөө кызматы жана Ош ОИИБдин атайын операциялар  отрядынын жоокерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында Ош шааарынын Исхак Раззаков менен Хокимжан ажы көчөсүнүн кесилишинде кылмышка шектүү болгон «М» аттуу жаран жабырлануучу К.Кдан 20000 (жыйырма миң) сом акча алып жаткан жеринен кармалган. Натыйжада «М» аттуунун өздүгү такталып, ал Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Коргон шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 39 жаштагы Р. С.    экендиги аныкталып кармалган. Жогорудагы кылмыш иши боюнча далил буюмдар катары акчалар алынып, тийиштүү экспертиза дайындалды.

Р. S.   жогорудагы опузалап талап кылуу фактысы боюнча Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button