Окуялар

Алайда кар көчкү астында калган 14 жаштагы бала изделүүдө

Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында 2-апрелде болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, ал маалда 14 жаштагы бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.

“4-апрель күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жалпы 30 куткаруучу, 10 милиция кызматкери, мындан сырткары, жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылган. Бирок натыйжа болгон эмес”, — деп айтылат маалыматта.

Издөө иштери 5-апрель күнү улантылат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button