Коом

Бир адамдан бир көчөт. Министрлик кыргызстандыктарга кайрылды

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги кыргызстандыктарды бак отургузуп, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга чакырды.

Министрликтин маалымат кызматы билдиргендей, бул иштер экологияны коргоо максатында жасалууда.

«Акыркы учурда дүйнө жүзүндө глобалдык климаттык өзгөрүүлөр болуп, экология жабыркап жатат. Мындай учурлар Кыргызстанда дагы кездешүүдө. Буга байланыштуу «Бир адамдан бир көчөт» аттуу чакырык менен өлкөнү жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга чакырабыз», — деп жазылат билдирмеде.

Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров «Экологиялык коопсуздук жана климаттык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча чаралар» жөнүндөгү жарлыкка кол коюп, өкмөткө бир нече сунуш берилген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button