Коом

Ак Үйдүн алдындагы жаңы фонтан ачылды

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жаңы фонтан ишке берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Фонтандын ачылышына министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, төрага Нурланбек Шакиев жана парламенттин депутаттары катышты.

Маалым болгондой, курулуштун насостук системалары оңдоого муктаж болгон. Эки айдын ичинде президенттик аппарат фонтанды реконструкциялап, капиталдык оңдоодон өткөрдү. Жалпысынан 11 борбордук электр насостору, суунун жарыгын алмаштыруучу пульт, гранит каптоо орнотулду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button