Балбан кыздар Мээрим менен Айпери Азия чемпионатынын финалына чыгышты
Кыргызстандык балбан кыздар Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) жана Айпери Медет кызы (76 килограмм) Азия чемпионатынын финалына чыгышты. Мелдештин жүрүшүн Дүйнөлүк күрөш уюмунун (United World Wrestling) расмий сайтыт туз көрсөтүүдө
Финалда Мээрим Жуманазарова моңгол кызы Делгермаа Енкшайхан, ал эми Айпери Медет кызы казакстандык Эльмира Сыздыкова менен алтын байге үчүн таймашат. Дагы бир ата мекендик спортчу кыз Нураида Анаркулова (59 килограмм) жарым финалда индиялык Сарита Саритага жеңилип калды. Анаркулова эми мелдештин коло байгеси үчүн өзбекстандык Дильфуза Аимбетовага каршы чыгат.
Финадык беттештер Бишкек убактысы боюнча кечки саат 18:00дө башталат.
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча мелдеш ушул күндөрү (13-18-апрель) Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Кечээ, 14-апрелде, грек-рим түрү боюнча жарыш жыйынтыкталып, Кыргызстан 138 упай менен жалпы командалык эсепте үчүнчү орунга татыды.



