Коом

Ошто жарамазан айткан өспүрүм балдарга рейд жүрүп жатат

Жарамазан айтып, жаш балдар жол боюна чыгып кетип жатат. Ата-энелер, балдарыңыздарга көзөмөлдү күчөтүңүздөр! Мындай билдирүүнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы таратууда.

“Жаш балдар токтогон машинага жабышып, тамак ичип отурган коомдук тамактануучу жайга киришип, адамдарга, айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып, жол коопсуздугунун эрежелерин сактабай жатышат» -деп жазылат билдирүүдө.

14-апрелден 15ине караган түнү Ош ОИИБи тарабынан рейд уюштурулуп, 43 бала колго түшкөн. Алардын 19у убактылуу адаптациялык борборго киргизилген. 2 өспүрүм балдар үйүнө жеткирилип, калган 11инин ишин өспүрүмдөр комиссиясы карап чыгат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button