Коом

Кыргызстанда карантин чаралары киргизилбейт – Бейшеналиев

Кыргызстанда карантин чаралары киргизилбейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, президент, премьер-министр жана өкмөт азырынча карантин киргизбей турууну чечишти. “Анткени, өткөн жылы биз карантин киргизгенбиз. Донорлордон ири суммада – 56 млн доллар каражат алганбыз, бул каражатты биз төлөбөсөк дагы биздин балдар төлөшү керек. Ушуну эске алып, биз карантин киргизбей турууну чечтик”,-деди ал.

Саламаттыкты сактоо министри жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдум өткөргөндөн кийин коронавирус кескин көбөйө баштаганын билдирди.

“Мурда Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында 50-60 учур катталып аткан болсо, ал эми айрым облустарда эки айлап жаңы учурлар катталбай келген, азыр абал начарлай жатат”,-деди ал.

Бейшеналиев эпидемиологиялык абалдын начарлашына элдердин бет кап тагынбай, социалдык аралыкты сактабай жана колдорун жуубай атышканы себеп болгонун билдирди.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button