Элдик пикир: “Сетевиктердин” соодасын ким көзөмөлдөйт?

Акыркы учурларда тааныштарга кайсы бир жериң ооруп жатканын айтуу да кыйын болуп калды. Айланаңда үч адам болсо, ошонун бирөөсү сөзсүз “сетевой маркетинг” дегенде иштейт, жөнөкөйлөштүрүп, элге сиңип калгандай айтсак “сетевиктер”. Ооруп жатканыңды угаары менен чып жармашып, өздөрүнүн продукцияларын сунушташат. Аларды угуп отурсаң укмуш, бир бөтөлкөдөгү шектүү суюктук же таңгактагы белгисиз таблетка 41 дартка шыпаа, ал турмак өлүмдөн да алып калчудай сезилет. Денеңдеги болгон ооруну дарылап, куландай соо кылып, бери дегенде жыйырма жыл өмүрүңдү артка жылдырып, жашартып чыгарчудай. Бир гана нерсени айтышпайт – түбөлүк өлбөйсүң деген. Калганынын баарын убада кылышат. Дагы бир аз убакыт өткөндөн кийин “өмүрү өлбөйсүң” деп дагы убада берип башташат болушу керек.
Тааныштарымдын арасынан “сетевиктердин” курмандыгына айлангандар көп эле болду. Бири өтү ооруп, жеген-ичкен сиңбей, оозуна жаман даам келип жатканын айта коем деп, БАД саткандардын кайырмагына илинип, 20 миң сомдон ашуун акчага толтура дарыларын сатып алыптыр. Ушуларды алып ичсең эле сен көр, мен көр жакшы болосуң, дарыгерлерге барсаң дароо операцияга жаткырат дегенинен, врачтардын бычагынан корккон жаны ооруса дагы чыдап, сыйкырдуу БАДдарды иче бериптир. Акырында тез жардам менен ооруканага барып, шашылыш операция болуп, жандандыруу бөлүмүндө бир нече күн жатып, араң аман калды. Бул эми ошол адамдын өзүнүн кайдыгерлиги, сабатсыздыгы деп коелу.
Бирок “сетевиктер” эмнеге дарыгерлердин ролун аткарып жатышат? Алар кадимкидей диагоз коюшат, оорунун белгилерин айтсаң кудум 10 жыл окуп-чокуп дарыгердин дипломун алып чыккандай баштарын ийкегилеп, каадалуу угуп, анан коробкасындагы шыгыраган таңгактардын арасынан эки-үчөөн сууруп чыгып, “Муну ичишиңиз керек, бир күндө мынча жолу”, — дешет. Элдин баары эле дары-дармек, БАД дегендер менен тааныштыгы жок да, ишенимдүү айтып жатса, «айыгар дарттын шыпаасы өзү жолугат» болду деп кудуңдап акыркы акчасын берип алып кете берет.
Булар акыркы учурда катуу күчөштү, мурда витамин жетишсиздиги сыяктуу жеңил-желпи ооруларды “дарылашса”, азыр гепатит, диабет, туберкулез, ревматизм сыяктуу дайыма врачтардын көзөмөлүндө болуу керек болгон олуттуу ооруларга өтүштү. Соцтармактарда мүнөт сайын чыгып жаткан “гепатитке, боор ооруларына, бөйрөк ооруларына даба” деген белгисиз дарылардын жарнамасын көзөмөлдөөчү тарап барбы? Адамдардын көбүнчө кайсы оорудан жабыркап жатканын жакшы билишип, так ошону чыгарышат.
БАДдарды оорубаган адам деле көзөмөлсүз, каалагандай ичсе зыян экенин кантип элге жеткиребиз? Үстүм-үстүм ичип, жакшы иштеп жаткан органдарын канча адам талкалап жатат? Деги эле анализдерди тапшырып дартты аныктатпай туруп, дипломдуу чыныгы врачтардын көрсөтмөсүз бир даана дарыны да оозуңарга салбагылачы. Болгондо да эч кандай изилдөөсүз, тастыктамасыз чыгарылып, элге таратылып жаткан күмөндүү дарыларды.
Акча үчүн башкалардын ден соолугун уруп ойнобой калган заманда жашап жатабыз. Силер БАДды ичкенден кийин эмне болосуңар “сетевиктерге” баары бир. Алар өз соодасын жүргүзсө гана болду.
Канышай Бердибекова, Бишкек шаары



