Чүй облусунун имамдарына диний экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча семинар өткөрүлдү

Ушул жылдын башынан бери Ички иштер министрлиги тарабынан демилгеленип, жарандардын диний радикалдашуусун алдын алуу, экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча семинар жыйынтыкталды.
Бул семинарды ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Кыргызстандын бардык аймагында өткөрүшүп, ага ички иштер органдарынын, прокуратуранын өкүлдөрү, жергиликтүү өзүн-өзүү башкаруу органдарынын кызматкерлери, аялдар жамааттары, имамдар катышты.
Акыркы иш-чара 2024-жылдын 16-август күнү Чүй облусунун имамдарына диний экстремизмди, терроризмди, улуттук жана аймактар аралык кастыкты козутууну алдын алуу, жарандар арасында туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, сабаттуулукту жогорулатуу боюнча өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкери Ратбек Турусбеков, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлөмүнүн башчысы Султанали Гапуров, теология илиминин докторлору Самаган Мырзаибраимов менен Сайфулла Базаркулов жарандардын диний радикалдашуусун, Кыргызстанда тыюу салынган диний экстремисттик жана террористтик уюмдардын катарына кошулуусун алдын алуу, диний агымдардын пайда болуу себептери жана коомго тийгизген таасири, жарандардын диний сабатсыздыгын жоюу, салттуу диндин концепциясы, бул багыттарда ИИМ тарабынан аткарылып жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып беришти.
Бул иш-чара 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын, 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, бул иш-чараны ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү боюнча кызматы демилгелеп, Германия эл аралык кызматташтык коому тарабынан ишке ашырылып жаткан “Борбордук Азияда зомбулуктуу экстремизмди алдын алуу” долбоорунун колдоосу менен өткөрүлдү.



