Коом

Камчыбек Ташиевге жана анын үй-бүлөсүнө «сырдуу кат» келди

Окуя уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдөн кийин башталган. Ташиев бул туурасында президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен коомго жарыялап жатканын билдирди.

АКИpress агенттигинин айтымында, УКМК башчысы катты иш сапарынан келгенден кийин алган. Конверттин ичинде флешка салынып, сыртына “Камчыбек Кыдыршаевичтин жеке өзүнө” деп жазылган. 

“Флешканын ичиндеги маалымат президентке жеткирилди. Катты ким калтырганын аныктоо оорчулук жаратпайт. Президенттин тапшырмасы менен тергөө жүрүүдө. Башкы прокуратура, ИИМ, УКМКга тапшырма берилди. Эгерде мага, президентке же биздин үй-бүлө мүчөлөрүнө бир нерсе болсо, бул маалымат боюнча баары кабардар болушу керек”, — деген УКМК төрагасы.

Ал ошондой эле катта өзүн жана үй-бүлөсүн жок кылбаш үчүн белгилүү шарттарды аткарашы керектиги айтылганын кошумчалады.  

“Бул жерде түз коркутуу бар. Бул атайын кызматтардын жана кызматкерлеринин иши экени көрүнүп турат, ага кримтөбөлдөр менен ишкерлер көп акча төлөгөн”, — деди Ташиев. 

Ал өлкөдө криминал менен олигархтар болбой турганын, катты жөнөткөндөрдөн коркпой турганын айткан.

“Бул адамдар менен “согуш” уланууда. Өлкөбүз мыйзамды сактаган, демократиялык өлкө болот. Башка өлкөлөрдөн артта калбайбыз. Бизге бут тосушууда, бирок экономикабызда жылыш бар. Азырынча азыраак, бирок бул башаты гана”, — деген Ташиев. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button