Камчыбек Ташиев Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды

Бул тууралуу УКМКнын Басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Чолпон-Ата шаарындагы Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, генерал-полковник К.К. Ташиев Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Кеңешинин мүчөлөрүн кабыл алды.

Жыйынга Беларусь Республикасынын, Индия Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын компетенттүү органдарынын жетекчилеринин орун басарлары, ошондой эле ШКУ РАТС Аткаруу комитетинин директору катышты.


Генерал-полковник К.К.Ташиев ШКУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздук жана терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы аракеттенүүдө жамааттык чечкиндүүлүктү ырастоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү кызматташтыгын бекемдөөдө маанилүү кадам болуп калган Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Кеңешинин Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөн 44-отурумунун ийгиликтүү аякташы менен куттуктады. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2025-2026-жылдары Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусунун алкагында бир катар расмий иш-чараларды ачып берди.

УКМК төрагасы Кыргыз Республикасы эл аралык терроризмге каршы күрөшүү принциптерине берилгендигин баса белгилеп, ШКУ РАТСтын биргелешкен аракеттерди координациялоодогу негизги ролун белгиледи. Приоритеттүү багыттардын арасында маалымат алмашууну күчөтүү, террористтердин заманбап технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти жана кибермейкиндикти колдонуусуна каршы туруу, биргелешкен машыгууларды өткөрүү жана радикалдашууну болтурбоо болду.

ШКУнун алкагында жаңы структураларды, анын ичинде Бишкектеги Трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Кыргызстан өз ишин ыкчам уюштурууга жана аймактык коопсуздук механизмдерин модернизациялоого олуттуу салым кошууга даяр экени белгиленди.
Атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын ырааттуу ишинин натыйжасында Кыргыз Республикасында бир топ ийгиликтерге жетишилип, эл аралык террористтик жана экстремисттик түзүмдөр менен тыгыз байланышта уюшкан кылмыштуулуктун түп-тамырынан бери жок кылынганы айтылды.

Кыргызстан мындан ары да аймактык туруктуулукту чыңдоого, ШКУнун алкагында тилектештикти жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы аракеттерди бириктирүүгө жигердүү салым кошууга ниеттенүүдө.



