Коом

Бишкекте 63 жаштагы адам уу коргошунга ууланганы боюнча факты катталды

Бишкекте уу коргошунга ууланган факты катталды. Бул тууралуу Тез жардам кызматынан билдиришти.

Ыкчам медицина кызматы окуянын чоо-жайын бир аздан кийин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлай турганын маалымдады.

Ал эми айрым ЖМКлардагы маалыматка караганда, уу коргошундан жабыркаган бейтап 63 жашта. Ал ооруканага таңкы саат 05:00дөр чамасында түшкөн.

Эскерте кетсек,буга чейин президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дарыгерлери коронавирустан 2-3 күндө айыктырган ыкма тапканын айткан. Көп өтпөй социалдык тармактагы баракчасына он чакты киши атайын аппараттын жардамы менен бөтөлкөлөргө саргыч түстөгү суюктукту куюп жаткан видео жарыялаган. Анда бөтөлкөлөрдүн сыртында «Уу коргошун» жана «Иссык-Кульский корень» деген жазуулар бар экенин көрүүгө болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button