Коом
Шашылыш билдирүү! Аба ырайы төмөндөп, үшүк жүрөт
Кыргызгидрометагенттиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. 21-24-апрель күндөрү Кыргызстандын аймагында абанын табы төмөндөп, жаан-чачын көп болот.
Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -2°, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -3-4° үшүк жүрөт. Тоолуу унаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар. Жолдордун айрым тилекелерине муз тоңот, кар күрткүсу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.



