Маданият

Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте тасма тартуу демилгеленди

Кыргыз кинематографисттер департаментинин башчысы менен Өзбекстандын улуттук кино агенттигинин башкы директорунун орун басары онлайн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Анда тараптар кино жумалыктарды өткөрүү, биргеликте тасма тартуу тууралуу маселелерди талкуулашты. Маалыматты кинематографисттер департаментинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, онлайн сүйлөшүүдө Өзбекстанда кыргыз тасмаларынын жумалыгын өткөрүү программасы каралды. Мындан тышкары Кыргыз тараптын демилгеси менен биргеликте тасма тартуу сунушталды.

Эки өлкөдө тең эпидемиологиялык абал турукташары менен Анжиянда июнь-июль айларында жолугушуу уюштуруу макулдашылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button