Коом

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өсүмдүк майы жана кумшекер арзан баада сатылмай болду

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өсүмдүк майы менен кумшекер базар баасынан төмөн сатылат. Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Facebook‘тагы баракчасынан түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, учурда Россиядан 392 тонна өсүмдүк майы келди. “Ошондой эле 3 миң тонна кумшекер келиши керек болсо, анын 338 тоннасы келди”, — деди ал.

Өкмөт өсүмдүк майын жана кумшекерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө базар баасынан төмөн баада берүүнү пландоодо.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button