Коом

Чек ара чырынан 13 адам каза болду, жарадар болгондордун саны 134кө жетти

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон кагылышуулардан жаракат алгандардын саны 30-апрель, саат 07:50гө карата 134 адамга жетти. Алардын ичинен 13 адам каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Баткенден атайын борт менен 25 жарадар Бишкекке алынып келип, Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылды. Эки бейтаптын абалы оор, калгандарыныкы орто оордукта жана салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button