
Премьер-министр Улукбек Марипов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы кампасына барды, ал жакта өлкөнүн булуң-бурчунан келип жаткан гуманитардык жардамдар топтолууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
«Бардык гуманитардык жардам муктаж жарандарга жеткирилип, кармалуулар болбошу керек. Элибиз дагы бир ирет ынтымагын жана биримдигин көрсөттү, жардам ар тараптан келүүдө. Бир дагы жараныбыз четте карап турган жок. Эли-журтубуз Баткен облусу үчүн кыйын кырдаалда бирикти», — деди Улукбек Марипов.
Өкмөт башчы физикалык жана юридикалык жактардан түшүп жаткан гуманитардык жардамды кабыл алуу боюнча штабдын иши тууралуу маалымат алды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө кампага 279,881 тонна гуманитардык жардам келип түштү. Алар – азык-түлүк, жеке гигиена каражаттары, кийим-кече, жууркан-төшөктөр.
Анын 256,881 тоннасы жабыркаган жарандарга жеткирилди. Калган 30 тоннасы кампада сакталууда жана зарыл болгон учурда Баткен облусунун жарандарына жеткирилип, бөлүштүрүлүп берилет.



