Коом
Транспорт министри Баткен облусундагы жол курулуш иштерин ыкчамдатууну суранды

2021-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуниациялар министр Г.Абдралиеванын Баткен облусу боюнча жумушчу сапары уланууда. Бул тууралуу аталган министрликтин басма-сөз кызматы билдирди.
Бүгүн министр Кулунду-Максат-Арка, Самаркандек-Мадыген-Дархун жолдорунун курулушу менен таанышты.
Максат айылынын Кулунду-Максат-Арка жолунун курулушу менен таанышып жатып, асфальт тѳшѳп жатканда асфальттын түз куюлушун жана жолду бойлой тратуар курулушун эске алуууну ѳтүндү. Ошондой эле министр Самаркандек-Мадыген-Дархун жолунун курулуш иштери менен таанышты жана тиешелүү кызматтарга жумушту ыкчамдатууну суранды.
Министрди тиешелүү кызматтардын жетекчилери Ж.Содомбаев жана А. Усенов коштоп жүрүүдѳ.



