Өмүрбек Суваналиев жаңы кызматка барарын айтты

Жакын арада өкмөттүн Баткен облусундагы мурунку өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин жаңы иштеген жери белгилүү болот. Бул тууралуу ММК булактары жазып чыкты.
Анын айтымында, кызматтан кетүү чечимин өкмөт кабыл алган.
— Кызматтан кетүү чечимин мен кабыл алган жокмун, — деп баса белгиледи Суваналиев. — Премьер-министр мага чалып, башка ишке өткөндүгүмө байланыштуу жумуштан бошотулгандыгым жөнүндө кабарлады. Жумуш кандай болоорун азырынча билбейм, бирок жакын арада белгилүү болот.
Мындан тышкары, Өмүрбек Исакович президент Садыр Жапаров менен азырынча жолуга электигин жана аны кызматтан алуу маселесин талкуулабагандыгын кошумчалады.
Эске салсак, 2021-жылдын 4-майында өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кызматтан кеткени белгилүү болду.



