Коом
Билим берүү министрлиги Кайың-Талаа айылындагы өрт чыккан мектеп тууралуу билдирүү жасады

Аталган орто мектеп 1964-жылы курулган, 2015-жылы авариялык абалдагы мектептердин тизмесине кирген.
Мектепте өрт бүгүн түшкү саат 12лер чамасында чыккан. Кароолчу, айылдын эли жана чек ара кызматкерлери мектептин ашканасынын эмерегин толугу менен сыртка алып чыкканга үлгүргөн
2022-жылы 275 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу башталган. Учурда жаңы мектептин имаратынын биринчи кабаты бүтүп, меш коюу жумуштары калган. Спорт залдын курулушу толугу менен бүткөн.



