Коронавирус. 379 адамдан аныкталып, дагы 7 бейтап каза тапты
Кыргызстанда 11-майга карата коронавирус дагы 379 адамдан аныкталып, дагы жети бейтап каза тапты. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов брифинг учурунда билдирди.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 240,
Ош шаарында – 5,
Чүй облусунда – 103,
Ош облусунда – 1,
Талас облусу – 2,
Нарын облусунда – 9,
Ысык-Көл облусунда – 13,
Жалал-Абад облусунда – 1,
Баткен облусу — 5.
Ал эми бир сутка ичинде 304 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 703 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 542 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 152 бейтаптын абалы орто оордукта, 447 адамдын абалы оор жана 95 бейтап өтө оор абалда жатат.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 710 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 505 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 440 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 033 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 120 киши айыгып чыкса, 1 миң 667 адам каза болду.



