Коом

Азыркы шарт менен иштеп жаткан Кумтөрдүн экинчи тарабы — Кыргызстан алданууда

Бүгүнкү күндө кыргыз бийлиги тарыхый акыйкаттыкты калыбына келтирүү жана канадалык Centerra Gold Inc компаниясы иштеп жаткан Кумтөр кениндеги жоголгон  позициясын калыбына келтирүү аракетин көрүп жатат.

Буга чейин Кумтөр алтын кениндеги канадалыктар менен кызматташуунун шарттары бир нече жолу кайра каралып чыккан.  Бирок кандайдыр бир себептерден улам, ар бир жаңы аракет Кыргызстандын пайдасына чечилген эмес.

«Алгачкы милдеттенмелери дурус эле болгон.  Бирок  (автордун эскертүүсү — «Центерра Голд Инк.» )  биздин мамлекеттин жетекчилигин  кандайча ишендиргенин биз билбейбиз,  кандайдыр бир жол менен инвестор өзүнүн абалын жакшыртып, Кыргызстандын үлүшүн кыскарткан.  Менин көз карашымча , баштапкы келишим бузулаары менен,  кийинкисине өкүнүч деле болбой калган. Бизнесте, эгерде келишимдердин ырааттуулугу бузулган болсо, анда өнөктөш ишенимсиз деп эсептелет ”, — дейт Улуттук Ассоциациялар Альянсынын төрагасы Искендер Шаршеев.

Анын пикири боюнча, албетте, «Центерра голд Инк»   чет өлкөлөрдө Кыргызстанга карата анча жакшы эмес атак алып келет.  Дүйнөлүк коомчулукта биздин  республикага карата жагымсыз жана күчтүү пиар-чабуул болот.  Бирок бүгүнкү күндө мамлекеттик кызыкчылыкты коргоо  биз үчун маанилүү.

 «Центерра голд Инк.» жетекчилери  биздин мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтиргени менен алтын кенин иштетүүнү токтоткон эмес.  Кумтөр иштеп жатканда, Кыргызстан тарап алданып калган”,- деп баса белгиледи Шаршеев.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын коомчулугу эки бөлүккө бөлүндү.  Айрымдары бийликтин аракетин колдосо, башкалары тескерисинче аларга каршы.  Экинчисин түшүнсө болот, анткени канадалыктар бийликке каршы бүтүндөй маалыматтык согушту башташты.  Алардын айтымында инвесторлор  бизден кетип, бардык негизги тармактар токтоп, жумушсуздук күчөп,  натыйжада өлкөнүн экономикалык абалы начарлайт деп элди коркутуп жатышат.

Чындыгында мындан эч нерсе деле болбойт. Бүгүнкү күндө бул өндүрүштү жабуу жөнүндө сөз жок.  Кыргызстан Кумтөр алтын кенин канадалыктар менен же ансыз иштетүүнү улантууга ниеттенүүдө.  Бул инвестордун республикага келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана өндүрүштө аныкталган мыйзам бузууларды  калыбына келтирүүгө канчалык деңгээлде даяр экендигине байланыштуу болот, бул жөнүндө Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү жакында отчетунда айтып беришет.  Бирок, мындан ары мурдагыдай  шартта «Центерра Голд Инк.» Кыргызстан менен иш алып  бара албайт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button