Коронавирус. 200 адамдан табылып, дагы 6 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 14-майга карата коронавирус дагы 200 адамдан аныкталып, алты бейтап каза тапты. Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:
Бишкекте – 124,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 37,
Ош облусунда – 7,
Талас облусунда – 5,
Нарын облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 15,
Жалал-Абад облусунда – 6.
Ал эми бир сутка ичинде 235 адам коронавирустан айыгып чыккан.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда — 1 бейтап каза болду.
Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 768 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 427 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 204 бейтаптын абалы орто оордукта, 464 адамдын абалы оор жана 86 бейтап өтө оор абалда жатат.
“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 527 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 463 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 99 миң 845 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 92 миң 953киши айыгып чыкса, 1 миң 687 адам каза болду.



