Окуялар

“Тондук кыргыз” аттуу фейк аккаунттун артында мугалим аял отурганы белгилүү болду

Бишкекте активист Нарина Камбарова кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы өздүк булактар ​​билдирди.

Активистти Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү кармаганы такталган. Ага КР Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу” беренеси боюнча айып тагылган. Ал Facebook социалдык тармагында “ Тондук кыргыз» аттуу фейк аккаунт менен ар кандай провокациялуу маалыматтарды таратып тургандыгы аныкталган.

Нарина Камбарова кесиби мугалим экени айтылды.

Бишкек шаардык соту билдиргендей, Нарина Камбаровага карата баш коргоо чарасы баш калаанын СИЗО-1 абагына камалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button