Коом

Коронавирус. 308 адамдан аныкталып, дагы 8 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 22-майга карата коронавирус дагы 308 адамдан аныкталып, дагы сегиз бейтап каза тапты.  Бул тууралуу Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аймактар боюнча:

Бишкекте – 164,
Ош шаарында – 12,
Чүй облусунда – 76,
Ош облусунда – 11,
Талас облусунда – 5,
Нарын облусунда – 4,
Ысык-Көл облусунда – 19,
Жалал-Абад облусунда – 13,
Баткен облусунда — 4.

Ал эми бир сутка ичинде 332 адам коронавирустан айыгып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 6, Нарын облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда — 1 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 521 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 449 адам дарыланууда. Алардын ичинен 994 бейтаптын абалы орто оордукта, 445 адамдын абалы оор жана 73 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 584 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 521 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 102 миң 186 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 95 миң 446 киши айыгып чыкса, 1 миң 743 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button