Кумтөрдү колго алууга болгон көп мүмкүнчүлүктү кыргыз бийлиги колдон чыгарып жиберген

Шалаакылыкпы, ачкөздүкпү, кулмүнөздүкпү, жалкоолукпу, айтор, 30 жылдан бери кыргыз бийлиги Кумтөрдүн көйгөйүн канадецтердин пайдасына чечип келген.

Ал эми көрсө, бир канча жолу кенди өзүбүзгө өткөрүп алуу мүмкүнчүлүгү болуптур.

Бул боюнча мамкомиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров дагы кеңири айтып берген депутаттарга.

Эң биринчи келишим боюнча 2003-жылы Кумтөр кени Кыргызстанга өтмөк.

Канадалык компания Кумтөрдө иштеп баштаганда, Кыргызстан 1993-жылы негизделген «Кумтор Оперейтинг Компанинин» акцияларынын 67%на ээ болгон. Муну менен бирге канада тарап менен болгон макулдашуулар боюнча 1997-жылдан баштап, Кыргызстанга компаниядагы 100 пайыз үлүштү өткөрүп берүү процесси башталышы керек болчу. Бирок, муну болтурбаш үчүн канадалык компания долбоорду реструктуризация кылып, «Центерра Голд Инк.» түзүүнү сунуштайт.

Кызыгы, жаңы макулдашуу боюнча Кыргызстан «Кумтор Оперейтинг Компанидеги» 67% акциялардын ордуна «Центерра Голд Инкте» болгону 33% алып калган. КРдин мындай төмөн үлүшүн негиздөө үчүн «Центерра Голд Инк.»  өкүлдөрү атайылап Кумтөр кениндеги алтындын запастарынын көрсөткүчтөрүн азайтышкан.

Ошону менен  биздин кен канадалыктардын көзөмөлүндө калып калган.

Аталган канадалык компания ошондой эле  Рен (АКШ) кенин жана Бороо (Монголия) кенин иштетип жүргөн. Алардагы ал-ахвалды таразага коюп, Кыргызстандын үлүшүн 33 пайызга түшүрүп салган.

Ушул жерден бийлик кенди алдырып ийген.

Бирок ошентсе дагы Кыргыз өкмөтү “Центерранын” башкаруусун өз колуна алганга толук шарттар бар эле.

Бири да кыргыз элинин, жеринин келечегин ойлобой, өз жеке кызыкчылыгын жогору койгон. Жеке баюуну гана көздөгөн.

Мисалы, башка жол менен кетип,  “Центерранын” акцияларын акырындан сатып ала берсе, мыйзамдуу жол менен кен Кыргызстанга өтүп калмак.

Ошентип, бир канча мүмкүн болгон шанстарды Кыргызстан колунан чыгарып жиберген.

Эми азыр пайда болгон мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек.

Кумтөрдөгү бузуулар, экологияга тийгизген ири зыян, мөңгүлөрдүн талкаланышы, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарынын тепселениши – ушунун баары бизге да, болочок инвесторлор менен иштешүүдө да сабак болушу керек.

Самүдүн Карыбеков