Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Осакада ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2022-жылы боло турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарына даярдануу үчүн 2-июнда Бириккен Араб Эмирликтеринин Дубай шаарына жөнөп кетти.

Кыргызстандын футбол бирлиги уюму билдиргендей, футболчулар аталган шаарда бир күн машыгуу өткөрүп, андан соң 3-июнда Жапониянын Осака шаарына сапар тартат.

Кыргыз футболчулары 7-июнда Монголия, 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Жапония оюнчулары менен беттешет. Башкы машыктыруучу Александр Крестинин жетектеген курамада 25 футболчу бар.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын экинчи айлампасы 2020-жылы жазында өтмөк. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар белгисиз мөөнөткө жылдырылган.

1,5 жылдык тыныгуудан кийин жанданган беттештер борборлоштурулган тартипте өтүп, командалар мурдагыдай үйдө жана конокто эмес, бир аймакта ойноп, жолдомо үчүн ат салышат.

Кыргызстан бөлүнгөн F тайпасындагы оюндардын бардыгы тең Жапониянын Осака шаарында болот.

2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы Кытайда өтчү Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнүп ойноп жатат.

Мелдештер 2019-жылдын 5-сентябрында башталган. Тандоо мелдештеринин жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Учурда F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада алты оюндан кийин 18 упай топтогон Жапония көч башында.

Алты оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, беш оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орунда бара жатат.

Алты оюндан кийин Мьянма алты упайга ээ болсо, жети оюнда бир гана жолу жеңишке жеткен Монголияда үч упай бар.