Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн китебинин бет ачары өттү. ФОТО

Бүгүн, 4-июнда Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Биздин балалыктын асманы” аталышындагы альбом-каталогунун бет ачары өттү.

Иш-чаранын максаты – жаштар чыгармачылыгын колдоо, дем-шык берүү, жаш сүрөтчүлөрдүн тематикалык диапазонун кеңейтүү, өсүп келе жаткан муунду адеп-ахлактык, мекенин сүйүүгө тарбиялоо, ошондой эле аларда тынчтык идеалын бекемдөө болду.

Каталогдун бет ачарына маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) директору Динара Молдошева, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Алтыбаева, Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев жана башкалар катышты.