Чоң-Алай районундагы беш айылдын тургундары эвакуацияланды

Чоң-Алай районундагы беш айылдын тургундарын эвакуациялоо башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгү билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 19:30га карата Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Кара-Мык, Жекенди, Кара-Тейит, Шибе жана Чулук айылынын тургундары эвакуация болууда. Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясы ӨКМ менен биргеликте жергиликтүү тургундарды коопсуз аймака көчүрүп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ӨКМ башчысы Бообек Ажикеев эвакуацияны уюштуруу иштерин жеке көзөмөлүнө алып жүргүзүүдө.

Аталган беш айылдын тургундары Дароот-Коргон айылындагы А. Сайит атындагы орто мектептин, А.Мурзакулов атындагы орто мектептин, №44 кесиптик лицейдин, борбордук мечиттин имаратына жайгаштырылууда.

Эвакуация иштерине КР ӨКМдин райондук бөлүмү, Чоң-Алай районунун жетекчилик курамы, көчүрүү комиссиясы жана жарандык коргонуу комиссиясы толук тартылды.

КР ӨКМдин Чоң-Алай райондук бөлүмүнүн өздүк курамы жарандарды жайгаштыруу иштерди уюштурууда.

Мындан сырткары, ӨКМ гуманитардык жардам боюнча да иш-чараларын уюштуруп баштады. Бардык тургундарды жайгаштыруу иштери ӨКМ министринин тыкыр көзөмөлү алдында жүргүзүлүп турат.