Сокулукта КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, 21 жаштагы жигит каза тапты

Чүй облусунун Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө оор жүк ташуучу КамАЗ менен Honda Avancier үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыктын кесепетинен Honda Avancier унаанын 21 жаштагы айдоочусу каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.