Коронавирус. 787 адамдан аныкталып, дагы 4 бейтап каза тапты

Кыргызстанда 17-июнга карата коронавирус дагы 787 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында маалымдалган.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

Бишкек шаарында – 368,
Ош шаарында – 97,
Чүй облусунда – 130,
Ош облусунда – 96,
Талас облусунда – 11,
Нарын облусунда – 2,
Ысык-Көл облусунда – 20,
Жалал-Абад облусунда – 38,
Баткен облусунда – 25 адамдан илдет табылган.

“Ал эми бир суткада 365 адам илдеттен сакайды,.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 4 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 169 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 712 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 455 бейтаптын абалы орто оордукта, 602 адамдын абалы оор жана 94 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 35 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 6, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган. Пандемия башталгандан бери 5 миң 4 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 710 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 112 миң 777 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 103 миң 930 киши айыгып чыкса, 1 миң 916 адам каза болду.