Пайдалуу кеңештер

Коронавируска каршы эмөөдөн кийин антитело пайда болбосо эмне болот? Адистин пикири

COVID-19га каршы вакцина алгандан кийин организмде антитело калыптанбаса эмне болорун «Прайм» агенттигине Европа медициналык борборунун дарыгери, терапевт Александр Доленко айтып берди.

Адистин пикиринде, массалык эмдөө жүргүзүлүп жаткандыктан көпчүлүктү препараттан кийин пайда болгон антителонун деңгээли кызыктырып жаткан кез.

«Негизи антитело көп же жетишсиз деген түшүнүк жок. Мынча антитело болсо организмди вирустан ишенимдүү коргой алат деп дүйнөдө эч ким бир көрсөткүчтү белгилеген эмес», — деди терапевт.

Анын айтымында, иммунитеттин өзгөчөлүгүнө жараша айрым кишилерде вакцинадан кийин антитело калыптанбай калышы мүмкүн.

«Мындай учурлар өтө сейрек, улгайган адамдарда чанда кездешип жатат. Бирок антитело жок болсо вакцина организмди таптакыр коргобойт деген туура эмес», — деди дарыгер.

Сөзүнүн аягында адис антителонун бар же жок экенин билүү үчүн вакцинанын экинчи компонентин алган соң 21 күн өткөндөн кийин анализ тапшыруу туура болорун айтты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button